"Розалар революциясынын" жыйынтыгында Грузиянын президенти болуп Михаил Саакашвили шайланган.
2003-жылы 2-ноябрда Грузияда парламенттик шайлоо өтүп, бирок анын жыйынтыгы "Улуттук кыймыл", "Бурджанадзе-Демократтар" жана "Патиашвили-Бирдиктүүлүк" оппозициялык блокторунун нааразычылыгын жараткан. 22-ноябрда оппозициячылар колдоруна розаларды кармап, парламенттин имаратын басып алышкан. 23-январда М.Саакашвилинин "Улуттук кыймыл" партиясы жана премьер-министр Зураб Жвания, спикер Нино Бурджанадзе уюштурган каршы чыгуу акциясынын жыйынтыгында, Грузияда бийлик алмашып, Эдуард Шеварднадзе отставкага кеткен.
2004-жылы 4-январда өткөн шайлоодо М.Саакашвилинин талапкерлигине 96,27 пайыз шайлоочулар добуш беришкен. Ал президенттик антын ошол жылдын 25-январында берип, 28-мартта жаңы парламенттик шайлоо өткөн. 2007-жылы 25-ноябрда отставкага кетип, кайра 2008-жылдын 20-январынан тарта 2013-жылдын 17-ноябрына чейин президент болуп турган.
М.Саакашвили 2015-жылдын 13-февралынан тарта 2016-жылдын 9-ноябрына чейин Украинанын президенти Пётр Порошенконун кеңешчиси, 2015-жылдын 30-майынан баштап Украинада Одесса облусунун губернатору болуп иштеген.