4- Январь 1809 -жылы
француз окутуучусу Луи Брайль туулган
Көзү азиздер үчүн алиппени ойлоп тапкан француз окутуучусу Луи Брайль туулган. Анын атасы өтүкчү болгон. Луи Брайль 3 жашында атасынын устаканасында шибеге сыяктуу курал менен көздөрүнө залака келтирип алып, акырындан көздөрү көрбөй баштаган. Ал эми 5 жашында толугу менен эч нерсени көрбөй калган. 10 жашка толгондо атайын көзү азиздер үчүн мектепте билим ала баштаган. Ал жактан окуудан тышкары Луи Брайль музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнгөн. Ал эми 1824-жылы көзү азиздер үчүн атайын шрифттерди ойлоп таап, ал Брайль шрифттери деп аталып калган. Ал атайын тамга, сандардан сырткары азиздер үчүн ноталардын жазылышын ойлоп таап, көзү көрбөгөндөргө музыкадан сабак берген. Луи Брайль 1852-жылы 6-январда 43 жашында Парижде каза болгон.