4- Январь 1911 -жылы
Кеминде күчү 10 баллга жеткен жер титирөө катталган
Кеминде күчтүү жер титирөө (болжол менен 9-10 балл) катталган. Бир канча секунданын ичинде узундугу 200 метр, тереңдиги 8 метрге жеткен жер жаракасы пайда болгон (Бишкек менен Боом капчыгайынын жолунун четиндеги жарака). Зилзала күчтүү болгону менен, калктын көпчүлүгү боз үйдө жашагандыктан, курмандык анчалык көп болгон эмес. Болжол менен 500гө жакын адам каза болгон.