14- Апрель 1912 -жылы
“Титаник” кемеси биринчи жана акыркы сапарына аттанган
Дүйнөдөгү эң кубаттуу, эң чоң жана эң кымбат кеме Саутгемптон-Нью-Йорк багыты боюнча өзүнүн алгачкы жана акыркы сапарына чыккан.
Кемелердин падышасы “Титаник” Түштүк Ирландияда мыкты куруучу, инженер, дизайнерлер тарабынан курулган. Лайнердин узундугу 275 метр, салмагы 46 миң тонна болгон. 4 зор мордун ар биринин бийиктигин 11 кабат үй менен салыштырууга болот. Кеменин ылдамдыгы 50 жылкынын кубатына барабар. Өкүнүчтүүсү, адистер кеменин коопсуздугуна караганда анын кооздугу жана ылдамдыгына көбүрөөк көңүл бөлүшкөн. Кеменин бай жүргүнчүлөрү үчүн бассейн, түрк мончолору, спорт залдары, теннис аянтчалары, ресторандар салынган. Курууга кеткен акчанын жалпы көлөмү азыркы акча менен 100 миллион долларды түзгөн. Кемеде 20 куткаруучу кайык болгон. Бул сан эл аралык стандартка жооп бергени менен кемедеги жүргүнчүлөр үчүн өтө эле аздык кылган. “Титаник” 1912-жылы 14-апрелде айсбергге урунуп, 2 саат 20 мүнөттүн ичинде океан коюнунда жок болгон. Кемедеги 2 миң 227 адамдын ичинен 705 киши гана аман калган.