Польшанын президенти Лех Качинский түшкөн учак Орусиянын Смоленский шаарына конордо кулап түшүп, президент менен чогуу Польшанын саясий элитасынан 99 адам набыт болгон. Алар Смоленскиге поляк офицерлеринин атылып кетүүсүнө карата аза күтүү иш-чарасына келе жаткан. Кырсыкка кабылган Ту-154 учагындагы бир адам аман калган эмес. Учак төрт жолу конууга аракет кылганда анын канаты даракка илинип, кыйроого учураган. Кырсык болор менен президенттин жасатын тааныш үчүн анын түгөйү (эгиз) Ярослав Смоленскиге учуп келген.