7- Январь 1990 -жылы комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу туулган
Закирбек Дүйшөнбек уулу Чүй облусунун Суусамыр жергесинде туулган. Атасы - элдик табып Дүйшөнбек Чомо уулу, ал эми апасы - Арпажан. Закирбек Дүйшөнбек уулу 4 бир тууган. Замирбек, Заирбек аттуу агалары жана Чолпон аттуу эжеси бар. Бала кезинен эле комузга аябай кызыгат, себеби ата-энеси да, агалары да улуттук аспаптарда ойношчу. 5 жашынан ырларды, обондорду жаттап үйрөнгөн. 6 жашынан ар кандай сынактарга катышып, 7 жашында “Мээрим” фонду республика боюнча уюштурган “Жаш талант” сынагына катышып, биринчи жеңишке ээ болгон. Ошентип Мукаш Абдраев атындагы жатак мектепте 10-класска чейин окуп, ал жакта тарбияланат. 1-класста окуп жүргөндө скрипкадан да, комуздан да сабак алып, кийин экөөнүн бирин тандаганга туура келип, улуттук аспапты тандаган.
Мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырган. Андан соң Улуттук консерваториянын комуз бөлүмүнө кирген. Эң биринчи мугалимдери таланттуу комузчулар Бектен Бейшембиев, Нуриля Сабирбаева, Кылычбек Жекшенов, Руслан Жумабаев, Нурак Абдырахманов болгон. Ал эми негизги устаты – Кылычбек Жекшенов.
Сыйлыктары – Чыңгыз Айтматовдун колунан алган Карамолдо Орозов атындагы атайын сыйлык. Ошондой эле фольклор жаатында 15ке жакын баш байгенин ээси.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан