
СССРдин Эл артисти, Социалисттик Эмгектин баатыры, советтик балет бийчиси, хореограф, актёр, Эл аралык бий академиясынын академиги Махмуд Эсамбаев 75 жаш курагында көз жумган.
Махмуд Эсамбаев 1924-жылы 15-июлда Чечен Республикасынын чет жакасындагы Старые Атаги аттуу чечен айылында туулган. Анын улуту чечен.
1939-жылы Чечен АССРиндe Мамлекеттик ыр жана бий ансамбли уюшулуп, анда мастер болуп жаш Махмуд эмгектенген. 1944-жылы И.В.Сталиндин буйругу менен Түндүк Кавказ элдери Чыгышка депортацияланган. М.Эсамбаевдин үй-бүлөсү Кыргыз ССРине келген. 1944-жылы ноябрдан тартып Махмуд Эсамбаев кыргыз мамлекеттик Ленин ордени опера жана балет театрына иштей баштап, "Бахчисарай фонтанында", "Кызыл мак", "Ресторандагы бий" балеттерин чоң жетишкендик менен аткарган.
Ал эми 1957-жылдан тартып мекени болгон Грозныйдагы Чечен-Ингуш филармониясында эмгектене баштаган. 1959- жылы М.Эсамбаев "Советтик балет жылдыздары" (12 кишиден турган) тобуна мүчө болуп, Францияга, Түштүк Америкага гастролго барып келген.