9- Январь 1978 -жылы "Backstreet boys" тобунун солисти Александр Жеймс Маклин туулган
"Backstreet boys" тобунун солисти Александр Жеймс Маклин АКШнын Уэст Палм Бич шаарында туулган. Аны көпчүлүк Эй Жей Маклин деп таанышат. Эй Жей 2 жашка толгондо ата-энеси ажырашып кетип, таене-таяталарынын колунда чоңойгон. Балалыгынан эле аткаруучулук таланты бар болгондуктан, болочок ырчы 5 жашынан тарта театрда эмгектенип, бардыгы болуп 27 спектаклде роль жараткан. 6-классында апасынын кеңеши менен Эй Жей бийчилер мектебине бара баштайт. Эки жылдан кийин башка тармакка кол сунуп, куурчак театрына да ишке орношот. Кийин спорт жаатында кылыч менен чабышуу боюнча да жакындан таанышкан. 1990-жылы апасы менен бирге Орландо шаарына көчүп келип, ошол жерден “Backstreet Boys” тобуна кабыл алынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан