13- Январь 1906 -жылы
Орус физиги жана электротехниги Александр Попов каза болгон
Радиону ойлоп тапкан орус физиги жана электротехниги Александр Попов 46 жашында Санкт-Петербургда каза болгон.
Зымсыз электр байланышын узактыкка берүү каражатын табуучулардын бири Александр Попов 1859-жылы 16-мартта туулган.
А.С.Поповдун радио жана радио байланышка сиңирген эмгеги 1900-жылы Париж шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медалга арзыган. А.С.Попов Орусияда радиону биринчи ойлоп тапкан адам катары эсептелинет. Анткен менен ал бул тармактын жападан жалгыз "улуттук" талапкери эмес. Америка Кошмо Штаттарында бул орунга Никола Тесланы, Францияда Эдуард Бранлини, Италияда Гульельмо Марконини коюшат. Поповдун жактоочуларынын пикирине караганда ал, Гульельмо Маркониге чейин 1895-жылдын 7-майында биринчи жолу радиоприёмникти иштеткен, 1896-жылдын 24-мартында болсо радиотелеграфтын иштешин көрсөткөн.