Кыргызстандагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны жарык көргөн. Гезит ал кезде сканворд, кроссворддорго басым жасап, маалыматты өтө аз камтыган. Убакыттын өтүшү менен гезит улам жаңыланып, пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып отурган. Көңүл ачуучу, маанайшат багытка басым жасап, кыргыз шоу-бизнесинин жаңы тепкичке көтөрүлүшүнө салым кошкон. Гезит түстүү жана сапаттуу басылмага айланып, шоу-бизнестен тышкары коомдогу көйгөйлүү, актуалдуу маселелерге кеңири орун бере баштаган. Ошентип Кыргызстандагы номур биринчи гезит атагына ээ болгон.