31- Май 2002 -жылы "Супер-Инфо" гезитинин туулган күнү
2002-жылы, 31-майда “Супер-Инфо” гезитинин алгачкы саны чыгып, эки жылдын ичинде алдыңкы гезиттердин катарына кошулган. 2005-жылдан тарта Кыргыз шоу чөйрөсүндөгү жана маданиятындагы инсандардын башын бириктирип, арасынан жыл мыктыларын тандап концерт өткөрө баштаган. Ушул эле 2006-жылы гезиттин расмий сайты www.super.kg ишке кирген. Учурда SUPER.KG порталы өлкөбүздөгү сайттардын алдыңкы үчилтигинде. 2007-жылы гезит "Супер сулуу" сынагын негиздеп, өткөрө баштаган. Сынактын башка көптөгөн сынактардан айырмасы – анын стабилдүүлүгүндө, анын адилеттүүлүгүндө, убадалар сөзсүз аткарылып келе жатканында. 2007-жылдан тарта гезит "Улуттук гезит" сыйлыгынын "Жылдын нускасы" наамына татыктуу болуп, "Гезиттик Оскарды" ошончо жылдан бери татыктуу багынтып келе жатат.  
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан