АКШнын ошол кездеги президенти Дуайт Дэвид Эйзенхауэр дүйнөдө биринчи болуп Ак үйдө телевизиондук маалымат жыйынын өткөргөн. Башкача айтканда, ал дал ушул күндөн тартып телевизордон өкмөт үйүндө уюштурулган көрсөтүүгө уруксат берген. 33 мүнөткө созулган Ак үйдөгү жыйын телевидение кызматкерлери тарабынан редакцияланып, 28 мүнөткө кыскартылган. Ушул окуядан кийин "Кийин баары бир кесип салышат" деген белгилүү кеп эл арасында калыптанып калган.
Маалымат жыйыны болгон күнү президенттин басма сөз катчысы Жеймс Хагерти: "Жыйын тартылып алынган плёнка радио, телекөрсөтүү жана кинохроникага берилгендиги үчүн ыраазымын. Муну менен объективдүү эмес журналистика жоголот деп үмүттөнөм. Себеби, коомчулукка президенттин айткандары бурмаланбай жетет", - деп билдирген.