19- Январь 1851 -жылы Галактиканын айланышын далилдеген нидерландылык астроном Якобус Каптейн туулган
Галактиканын айланышын далилдеген нидерланддык астроном Якобус Каптейн  Нидерландынын Барневелд шаарында төрөлгөн. Ал Саманчынын жолун кеңири изилдегени менен дагы белгилүү.

1868-жылы Утрехет университетине тапшырып, 7 жылдан соң диссертациясын жактаган. Андан соң 3 жыл Лейден обсерваториясында иштеп, астрономиянын жана теориялык механиканын профессору аталган.

1896-1900-жылдары Кейптаун обсерваториясында жылдыздарга фотографиялык изилдөө жүргүзүп, фотопластинкаларды жасаган Дэвид Гилл менен чогуу иштеп, түштүк жарым шардагы 454 миң 875 жылдыздын жайгашуусун жана өлчөмүн жазып, "Cape Photographic Durchmusterung" деген эмгекти жарыялашкан. 1904-жылы Я.Каптейн жылдыздардын кыймылын өздөштүрүп жатып, анда жылдыздарда карама-каршы багытта жылган эки агым бар экенин аныктаган. Бул изилдөө биздин галактиканын айланышынын биринчи далили болгон. 1906-жылы астрономиянын тарыхында биринчи болуп галактикадагы жылдыздардын көлөмү, спектралдык классы, радиалдык ылдамдыгын өлчөп чыккан.

Анын атынан 1916-жылы ачылган Каптения астероиди аталган. Ал эми 1964-жылы Эл аралык астрономиялык союз Я.Каптейндин ысымын Айдын көрүнө турган бетиндеги кратерге ыйгарган. Астроном 1922-жылы 16-июнда 71 жашында Амстердамда көз жумган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан