15- Январь 1981 -жылы америкалык рэп ырчы Питбуль төрөлгөн
Америкалык рэп ырчы Питбуль (өз аты Армандо Кристиан Перес) Майамиде туулган. Мектепте окуган чакта эле Армандо рэпке кызыга баштайт. Өзү да жакшы рэп окуй алган. Ар кандай жерлерде ырдап жүргөнүн байкап калган музыкант Лютер Кэмпбелл аны “Набат” (“Lollipop”) тобуна кошулууга чакырат. Ушул убакта эле Армандо өзүнө лакап ат коюуга батынат. Лютер Кэмпбелл менен иштешип жатканда аны музыканын кранк жанрынын падышасы аталган Лил Жон байкап калат. Ал экөө “Форсаж” фильмине саундтректерди жаздырышканга үлгүрүшөт. Ал фильмде Питбулдун 4 ыры саундтрек катары колдонулган. Ал аткарып чыккан ырлардын баары сөзсүз хитке айланган. Марк Энтони менен чогуу ырдаган “Жамгыр менин үстүмө жаасын” (“Rain оver мe”) ыры эң популярдуу ырлардын катарында болгон. Питбуль орто мектепти гана аяктагандыктан билимдин маанилүүлүгүнө көңүл буруп келген. “Кыялдануу фонду” (“Imaginate foundation”) деген кайрымдуулук уюмун түзгөн. Бул уюм Латын Америкасынан келген балдардын АКШда билим алуусуна жардам берет.
Питбуль Лил Жон, Дон Омар, Эйкон, Энрике Иглесиас, Ашер, Женнифер Лопес, Александр Бёрк, Не-Йо, Шакира, Крис Браун, Келли Роулэнд, Марк Энтони сыяктуу атактуу ырчылар менен дуэт ырдаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан