16- Январь 2012 -жылы "Алтын глобус" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өткөн
АКШнын Калифорния штатынын Беверли-Хиллз шаарында 69-ирет “Алтын глобус-2012” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өткөн. Анда 2011-жылдын эң мыкты драмасы болуп Александр Пэйндин “Тукумдар” тасмасы аталган. Ушул тасмадагы ролу үчүн Жорж Клуни жана “Темир аял” тасмасы үчүн Мэрил Стрип жылдын эң мыкты драмалык актёрлору катары белгиленип, сыйлыкты утуп кетишкен. Андан сырткары көптөгөн актёрлор өз сыйлыктарына ээ болуп кайтышкан. Жалпысынан аземде 26 наамга ат салышуу болуп, жеңүүчүлөр аныкталган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан