Орусиялык балерина Анастасия Волочкова Ленинградда туулган. Анастасия Волочкова 5 жашынан баштап балерина болууну кыялдана баштайт. Мектепти аяктагандан кийин Санкт-Петербургдагы орус балет академиясына тапшырып, ийгиликтүү аяктайт. 2-курста окуп жүргөн кезинде эле Мариинск театрында балерина катары карьерасын баштайт. Балет академиясын аяктаган сон Чоң театрга чакыруу алып, анын көзгө басар балеринасына айланган. 2003-жылы Чоң театрдан чыгып, жеке карьерасын уланткан.