15- Январь 1958 -жылы V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Өмүрбеков төрөлгөн
V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Өмүрбеков Талас облусунда төрөлгөн. Билими жогорку. 1991-жылы Фрунзе Политехникалык институтун "Автоунаа жана автоунаалардын чарбасы" адистиги боюнча бүтүргөн.
Курманбек Өмүрбеков 1979-1986-жылдары Киров автобазасында шофёр болуп иштеген. Ал эми 1986-1998-жылдары Таластагы Техникалык тейлөө станциясында кабыл алуучу кызматында иштесе, 1998-2000-жылдары Кара-Буура нефтебазасында директор кызматын аркалап, 2009-2010-жылдары Мамлекеттик ветеринария департаментинде башкы адис болуп эмгектенген.
Курманбек Өмүрбеков 2010-жылдын январында “Ар-намыс” партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан