16- Январь 1966 -жылы 5-чакырылыштагы “Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нургазы Айдаров туулган
5-чакырылыштагы “Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нургазы Айдаров Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.
Эмгек жолун 1996-жылы Ош комбинатында эл керектөөчү товарлар өндүрүшү боюнча нормалоочу болуп иштөө менен баштаган. 1988-1989-жылдары “Индпошив одежды” фабрикасында Комсомол комитетинин катчысынын орун басары, “Ошбытуслуги” АӨБсында Комсомол комитетинин катчысы, ал эми 1989-жылы Кыргызстан ЛКЖСнын Ош шааркомунун жаштардын социалдык-экономикалык проблемалары бөлүмүнүн башчысы, 1989-1991-жылдары Кыргызстан ЛКЖСнын Кара-Суу РКсынын биринчи катчысы, 1991-1992-жылдары “Ош-Памир” биржалык соода үйүнүн маркетинг жана бааларды коюу боюнча директорунун орун басары, 1992-жылы “Рембыттехника” заводунун директорунун орун басары болуп иштеген. 1992-1997-жылдары “Каз-Кыр” биргелешкен ишканасынын башкы директору, 1997-2003-жылдары “Экспорт-Астык” компаниясынын түштүк боюнча региондук директору, 2003-2005-жылдары “Си-БУ” ЖЧКсынын вице-президенти, 2005-2007-жылдары Ага-хан фондунун Региондук өнүгүү жана прогресс боюнча программасынын региондук менеждери болуп эмгектенген.
Нургазы Айдаров 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылышынын Эл өкүлдөрү жыйынына депутат, ал эми 2007-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышына депутат, 2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.
Кыргыз Республикасынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан