19- Январь 1974 -жылы
V жана VI чакырылыштардагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров туулган
V жана VI чакырылыштардагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Ош облусундагы Ноокат районунун Кара-Таш айылында туулган.
Төрөбай Зулпукаров жогорку билимдүү, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “тарых” адистиги боюнча бүтүргөн. Ал эми 1992-1993-жылдары - Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясында (атайын бөлүктө) аскердик кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде спорттук-күжүрмөн даярдык боюнча нускоочулуктан баштаган. Кармашып урушуу боюнча спорт чебери, II дан кара курдун ээси.
Төрөбай Зулпукаров 1998-жылдан тартып 2010-жылга чейин – жеке ишкер.
2009-жылы Меккеге (Сауд Аравиясы) ажыга, 2012-жылы чакан умра зыяратына барган.
Төрөбай Зулпукаров 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2012-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланган.
Ал эми 2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын жетекчисинин орун басарлыгына бекитилген.