19- Январь 1958 -жылы
5-чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Туманов төрөлгөн
5-чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Туманов Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш айылында төрөлгөн.
Кубанычбек Туманов жогорку билимдүү, 1984-жылы Калинин атындагы Айыл чарба институтун (Тверь шаары) зооинженер адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1976-жылдан 1978-жылга чейин Гүлчө кыштагында Алай райондук даярдоо конторасында даярдоочу болуп иштөөдөн баштаган.
Кубанычбек Туманов 1984-1986-жылдары - Алай районундагы “Социализм” совхозунда зооинженер, 1986-1994-жылдары - Алай районундагы Социализм совхозунда жана В.И.Ленин атындагы совхоздо башкы зооинженер, 1996-жылы “Бурулсун” ПФК ишканасынын директору, 1997-2007-жылдары - “Жалал-Абад арак заводу” ЖТАК ишканасынын директору, 2007-2010-жылдары - “Нью-Тек” ЖЧК ишканасынын башкы директору болуп эмгектенген.
Кубанычбек Туманов 2010-жылдын октябрында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.