19- Январь 1956 -жылы 5-чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Гусаров туулган
5-чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Гусаров Орусиянын Саратов шаарында туулган.
Игорь Гусаров жогорку билимдүү, 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн.
Ал эми 1977-1979-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 
Игорь Гусаров эмгек жолун 1979-жылы балдардын спорттук мектебинде машыктыруучу-окутуучу болуп иштөө менен баштаган. 1982-жылы коммерциялык түзүмдөрдө жетекчи болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын кикбоксинг федерациясынын, “Кикбоксинг баңгизатка каршы” коомдук фондунун уюштуруучусу, 1992-2010-жылдары - федерациянын жана коомдук фонддун президенти.
2010-жылдын октябрында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан