АКШнын 44-президенти Барак Обаманын инаугурациялык салтанаты болуп өткөн. Барак Обама президент катары антты АКШ Конгрессинин имараты – Капитолийдин кире беришинде берген. Ант берүүдө Обама өзүнүн саясий кумири катары эсептеген Авраам Линкольн 1861-жылы ант бергенде пайдаланган Библияны колдонгон. Авраам Линколндун Библиясы андан бери Конгресстин китепканасында сакталып турган.