Орусиялык телеалпаруучу, ырчы жана модель Маша Малиновская Орусиянын Смоленск шаарында туулган. Маша Малиновская алгач модельдик агентикте модель болуп иштей баштайт. Кийин Смоленсктеги мамлекеттик искусство инситутуна тапшырган. 2002-жылы Москвага көчүп келип, телеканалдарда иштей баштаган. Маша Малиновскаяга атактуулук Муз-ТВ каналында иштеп жүргөндө келген.