Бразилиялык ырчы Мишель Тело Бразилиянын Медианейра шаарында туулган. Мишелдин ата-энеси чакан нан бышыруучу жайдын ээси болушкан. Үй-бүлөдө 3 бир тууган. Ырчы мектепте окуп жүргөндө музыкалык ийримге катышып, хордо ырдаган. Алгачкы жолу 1989-жылы гитаранын коштоосунда жалгыз ырдап чыккан. 10 жашында атасы ага аккордеон белек кылып, анда ойногонду Мишель бат эле өздөштүрүп кетет. Тело 16га чыкканда "Grupo Tradicao" тобуна кабыл алынып, ошондон кийин ырдоо чеберчилиги биротоло калыптанат.