22- Январь 1980 -жылы
орусиялык футболчу Евгений Алдонин туулган
Орусиялык футболчу, "Мордовия" футболлдук клубунун жарым коргоочусу, Орусиянын Эмгек сиңирген спортчусу Евгений Алдонин Крымдын түштүк жээгиндеги Алупка шаарында туулган. Чоң футболдо ал башкалардан алыстан узаткан соккуларынын таамайлыгы менен айырмаланган. Орусия курама командасынын курамында 29 ирет майданга чыккан. Клубдук карьерасында 2005, 2006-жылдары москвалык ЦСКАнын курамында Орусиянын Премьер лигасын уткан жана 2005-жылы УЕФАнын Европа лигасын уткан.