23- Январь 2009 -жылы "Супер-Инфо" гезити 40 бет болуп чыккан
Жалпы кыргыз журтчулугунун сүйүктүү гезитине айланган "Супер-Инфо" 2002-жылдын май айында негизделип, алгачкы саны ушул жылдын 31-майында жарык көргөн. Замандын талабына ылайык, гезит ал кезде баш катырмаларга, тактап айтканда, сканворд, кроссворддорго басым жасап, маалыматты өтө аз камтыган.
Заман менен кошо кадам шилтеген гезит улам жаңыланып, пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып отурган. Көңүл ачуучу, маанайшат багытка басым жасап, кыргыз шоу-бизнесинин жаңы тепкичке көтөрүлүшүнө салым кошкон. Окурмандар "Супер-Инфо" гезити аркылуу сүйүктүү ырчы-бийчи, өнөр ээлеринин жашоосунан кеңири кабар алып, жаңылыктары менен тааныша башташкан.
"Супер-Инфо" муну менен гана токтолуп калбастан түстүү жана сапаттуу басылмага айланып, шоу-бизнестен тышкары коомдогу көйгөйлүү, актуалдуу маселелерге кеңири орун бере баштайт. Ошентип, күн сайын изденүү артында жүрүп жүз миңдеген окурмандын сый-урматына татып, Кыргызстандагы номур биринчи гезит атагына ээ болгон.
Алгач гезиттин көпчүлүк бөлүгүн сканворд, кроссворддор камтып, аз гана барактан турса, 2006-жылдын 12-майынан тарта "Супер-Инфо" 24 беттүү болуп чыга баштаган. Андан көп өтпөй, 2007-жылы 21-сентябрда "Супер-Инфо" гезити чоңоюп, башкача айтканда, 32 беттен турган. Ал эми 2009-жылдын 23-январында жарык көргөн "Супер-Инфонун" 325-саны 40 бет болуп чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан