25- Январь 1981 -жылы америкалык ырчы, пианист, акын жана композитор Алиша Киз туулган
Америкалык ырчы, пианист, акын жана композитор Алиша Киз Нью-Йоркто туулган. Алиша 16 жашында Колумбия университетине тапшырып, эки аптадан кийин ырчылык карьерасы үчүн окуусун таштаган.
Ритм-энд-блюз, соул жана неосоул стилдеринде ырдаган Алиша Киз көптөгөн сыйлыктардын ээси. Мисалга алсак, "American Music Awards" сыйлыгына 5 жолу татыса, "Billboard Music Awards" сыйлыгына 10 жолу жеткен, "MTV Video Music Awards" сыйлыгынын 4 жолку ээси ж.б. Андан сырткары Алиша 14 "Грэммини" өз капчыгына салган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан