25- Январь 1990 -жылы актриса Марал Койчукараева туулган
"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер актрисасы" деп табылган Марал Койчукараева Ош шаарында туулган. 
Кыргыз-Түрк "Манас" университетине врач-ветеринар адистиги боюнча тапшырып, аны менен катар кыргыз режиссёру Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасында Асел аттуу кыздын ролун жараткан. Жаш талант ошол Аселдин ролу аркылуу көпчүлүккө таанылган.
Марал Койчукараева менен Атай Өмүрбеков ("Ээнсиреген үй" тасмасында Мараттын ролун жараткан) 2014-жылдын 14-апрель күнү расмий түрдө никеге турушкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан