26- Январь 1963 -жылы португалиялык футбол машыктыруучусу Жозе Моуринью туулган
Португалиялык машыктыруучу Жозе Моуринью Португалиянын Сетубал шаарында төрөлгөн. 37 жашында машыктыруучулукту баштап, португалиялык "Бенфика" (2000-2001-жылдар аралыгында), "Униан Лейрия" (2001-2002), "Порту" (2002-2004), англиялык "Челси" (2004-2007), италиялык "Интер" (2008-2010) жана испаниялык "Реал" футболдук клубдарында машыктыруучу болуп эмгектенген. Учурда лондондук "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун машыктыруучусу. Машыктыруучу катары көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Анын ичинде "Порту" (2004), "Интер" (2010) клубдары менен УЕФАнын Чемпиондор Лигасын утуп алган. 2010-жылы ФИФАнын версиясы боюнча "Мыкты машыктыруучу" аталган. Түрдүү клубдар менен түрдүү мелдештерди 20 ирет уткан. Кезинде Португалиянын, Англиянын, Италиянын жана Испаниянын чемпиондуктарын утуп алган. Ал португал, испан, итальян, француз, англис жана каталон тилдеринде эркин сүйлөп, мыкты оратор катары да коомго таанылган. Үй-бүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан