27- Январь 1980 -жылы
орусиялык теннисчи Марат Сафин туулган
Орусиялык белгилүү теннисчи Марат Сафин Москвада туулган. Марат Сафин теннистеги 12 жылдык профессионалдык карьерасында 15 мелдеште жеңүүчү аталып, жалпысынан 14 миллиондон ашык каражатты байге катары уткан. Жеңиштеринин катарында Чоң шлем түркүмүнө кирген 2 мелдеш бар. 2000-жылы теннис боюнча АКШнын Ачык чемпиондугун утса, 2005-жылы Австралиянын ачык биринчилигинде жеңүүчү аталган. Порфессионалдык кортко 1997-жылы келип, 2009-жылы карьерасын жыйынтыктаган.