21- Январь 2011 -жылы
Беларусь президенти болуп 4-мөөнөткө шайланган Александр Лукашенко расмий түрдө кызматына киришкен
Александр Лукашенко Беларустун СССР тарагандан кийинки биринчи президенти болуп эсептелинет. Ал 1994-жылы президенттик шайлоодо 80,1 пайыз добуш алып алгачкы президент болуп шайланган. Ал эми 1996-жылы өлкөнүн Конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум болуп, Лукашенконун президенттик срогунун жыл санагы кайра башынан башталган.
2001-жылы Беларуста кайрадан президенттик шайлоо болуп, Александр Лукашенко 1-турда эле 75,65 пайыз добуш менен жеңип чыккан.
2006-жылы өлкөдө кезектеги президенттик шайлоо болуп, аны кайрадан ОБСЕ "эл аралык стандартка туура келген жок" деп белгилегенине карабай, үчүнчү ирет Александр Лукашенко президенттик такка отурган.
2010-жылы Беларуста президенттик шайлоодо Александр Лукашенко 79,65 пайыз добуш менен атаандаштарынан озуп чыккан. Ошентип 2011-жылы 21-январда Беларусь президенти болуп 4-мөөнөткө шайланган Александр Лукашенко расмий түрдө ант берип, кызматына киришкен.