21- Январь 1956 -жылы 5-чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев туулган
5-чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган.
Каныбек Осмоналиев жогорку билимдүү, 1977-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика мугалими адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн. 1983-1986-жылдары Тарту (Эстония) мамлекеттик университетинин аспирантурасында күндүзгү бөлүмдө окуган.
Каныбек Осмоналиев эмгек жолун 1977-жылы Ош облусунун Совет районуна караштуу Свердлов орто мектебинин физика мугалими болуп баштаган. Ал эми 1979-1992-жылдары ОшМУнун физика-математика факультетинин лаборанты, лаборатория башчысы, окутуучу, доцент болуп эмгектенген.
1992-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин физика-техникалык факультетинин жарым өткөргүчтөр жана диэлектриктер физикасы кафедрасынын доценти болуп иштеген.
Андан соң 1994-2002-жылдары “Дастан” технологиялык университетин түзгөн жана ректору болгон.
Каныбек Осмоналиев 1994-1999-жылдары Бишкек шаардык кеңешине Биринчи Май району боюнча атаандаштык негизде депутат болуп шайланып, Биринчи Май аймактык депутаттык топту жетектеген.
Ал эми 2002-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун илим боюнча орун басары, 2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министринин орун басары, 2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болгон.
Каныбек Осмоналиев 2010-жылдын октябрында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы.
Каныбек Осмоналиевдин илимий ишмердүүлүгү жөнүндө айта турган болсок, ал:
- Физика-математика илимдеринин кандидаты (1987-ж.);
- Физика-математика илимдеринин доктору (2000-ж.); Профессор (2001-ж);
- Эл аралык кадрларды даярдоо академиясынын мүчө-корреспонденти (Киев, Украина);
- 100дөн ашык илимий жана илимий-усулдук иштердин, 6 окуу китебинин жана окуу колдонмолордун автору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын президиумунун мүчөсү;
- Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги;
- “Илим жана турмуш” илимий-популярдуу телеберүүсүнүн автору жана алып баруучусу.
Ошондой эле Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан