21- Январь 1924 -жылы орусиялык жана советтик мамлекеттик, саясий ишмер Владимир Ленин каза болгон
Орусиянын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, Совет мамлекетин жана коммунисттик партиянын негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин (Ульянов) 1870-жылы (10) 22-апрелде Симбирскиде туулган.
Ал 1895-жылы Петербургда "Жумушчулар классынын боштондугу үчүн күрөш биримдигин" түзүүгө катышкан. Бул үчүн 1897-жылы кармалып Енисей губерниясындагы Шушенск айылына 3 жылга сүргүнгө айдалган.
Ал эми 1900-жылы Ленин чет өлкөгө кетип Г.В.Плеханов менен бирдикте "Искра" гезитин чыгарышкан. 1903-жылы большевиктер партиясынын жетектеп, 1917-жылы Октябрь революциясынын башында туруп Орус падышачылыгын тактан кулатып Владимир Ильич Ленин бийликке келет.
Владимир Ильич Ленин бир партиялуу систем түзүп, коммунисттик партиянын жетекчилигинде СССР мамлекетин түптөгөн. 1918-жылы анын өмүрүнө кол салуу болуп оор жаракат алган. Ал эми 1924-жылы январда ден соолугу кескин начарлап, 21-январь күнү каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан