22- Январь 1960 -жылы 5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева туулган
5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева Нарын облусундагы Жумгал районунун Арал айылында туулган.
Дамира Ниязалиева жогорку билимдүү, 1982-жылы Алматы мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1982-жылы Токмок медициналык окуу жайында окутуучулуктан баштаган. Ал эми 1983-1984-жылдары – Кыргыз медицина институтунун дары-дармек каражаттарынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу, 1984-1986-жылдары – профсоюз комитетинин төрагасы, 1988-1992-жылдары – Токмок медициналык окуу жайынын фармакология боюнча окутуучусу болуп эмгектенген. Кийин 1996-2007-жылдары – "Аманат" фирмасынын директору болуп иш алып барган.
Дамира Ниязалиева 2007-жылы IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
Ал эми 2010-жылдын октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы.
Дамира Ниязалиева мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Саламаттык сактоонун эмгек сиңирген кызматкери, Саламаттыкты сактоонун отличниги. Ошондой эле Евразиялык окумуштуулардын экономикалык клубунун ардактуу профессору.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан