23- Январь 2011 -жылы
Португалиядагы президенттик шайлоодо Анибал Каваку Силва экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган
Португалиядагы президенттик шайлоодо 53% добуш алып, Анибал Каваку Силва экинчи мөөнөткө
президент болуп шайланган. 71 жаштагы Каваку Силва кесиби боюнча экономист, 2006-жылы президенттикке шайланганга чейин он жыл Португалиянын өкмөтүн башкарган. Португалияда президент көп деле бийликке ээ эмес, бирок премьер-министрди кызматтан бошотуп, парламентти тарата алган.