29- Июнь 1985 -жылы
"Битлздин" ырчысы Жон Леннондун Роллс-Ройсу 2 миллион 229 миң долларга сатылган
Нью-Йорктогу аукциондордун биринде "Битлздин" ырчысы Жон Леннондун Роллс-Ройсу 2 миллион 229 миң долларга сатылып, "Гиннес" рекорддор китебине дүйнөдөгү эң кымбат унаа катары кирген. Аны "Ripley International Inc." компаниясынын ээси Жим Паттисон сатып алып, өзүнүн "Believe It Or Not" аттуу музейине койгон.