
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рысбаев Чүй областынын Жайыл районундагы Суусамыр айылында туулган.
Кожобек Рысбаев жогорку билимдүү, 1985-жылы Фрунзедеги Соода техникумун “Товар таануу жана өнөр жай товарларынын соодасын уюштуруу” адистиги боюнча, 2005-жылы Кыргыз улуттук университетин финансы жана кредит адистиги боюнча, 2013-жылы Кызыл-Кыядагы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин (КМТУ) алдындагы Жаратылышты пайдалануу жана геотехнология институтун тоо кендери жаткан жерлерди иштетүү адистиги боюнча аяктаган.
Кожобек Рысбаев 1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Ооганстан Республикасында интернационалдык милдетин аткарган.
Ал эми эмгек жолун 1985-жылы Фрунзедеги “Айчүрөк” дүр-дүнүйө дүкөнүндө “Килем буюмдары” секциясынын контролёру катары баштаган. 1986-жылы №16 Биринчи Май дүң-чекене жашылча-жемиш конторунун дүкөнүндө улук сатуучу болуп иштеген.
1986-1992-жылдары “Комфорт” дүкөнүндө улук сатуучу – “Курулуш материалдары” секциясынын башчысы болуп эмгектенип, 1992-жылы “Азат” чакан ишканасынын директорунун коммерция боюнча орун басары кызматын ээлеп турган.
Ошондой эле 1992-1996-жылдары “Ооган” чакан ишканасынын директору болгон.
1996-жылы Кожобек Рысбаев Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
2010-жылдын октябрында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы болгон.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы.