22- Январь 1900 -жылы
америкалык жана англиялык ойлоп табуучу Эдвард Хьюз каза болгон
Америкалык жана англиялык ойлоп табуучу Эдвард Хьюз каза болгон. Эдвард Хьюздун мекени Англия болгону менен 1848-жылдан баштап АКШда жашап, алгач музыка сабагынан мугалим болуп эмгектенген. Андан соң так илимдер менен алек болуп, колледжде физика сабагынан мугалим болуп иштейт. Мына ошол убактан баштап ар кандай ачылыштарды жасап, жаңы нерселерди ойлоп таба баштаган. Мисалы, Эдвард Хьюз телеграфтык аппарат, микрофон, сонометрлерди ойлоп тапкан.