Япониялык физик Хидеки Юкава Токиодо туулган. Хидеки Юкава физика жаатында изилдөө иштеринен сырткары Япониядагы бир катар жогорку окуу жайларда жана АКШдагы окуу борборлорунда физикадан сабак берген. 1949-жылы мезондордун бар экенин алдын ала айткандыгы жана ядролук күчтөрдүн табиятын изилдегендиги үчүн "Нобель" сыйлыгына арзыган. Хидеки Юкава Японияда биринчилерден болуп бул жогорку сыйлыкка ээ болгон.