23- Январь 1956 -жылы
Хрусталь империясын түзгөн австриялык Даниэль Сваровски көз жумган
Австриялык "Swarovski" хрусталь империясынын негиздөөчүсү Даниэль Сваровски 93 жашында дүйнө салган.
Даниэль Сваровски 1862-жылы 24-октябрда Австро-Венгер империясынын аймагындагы богем айнегинин мекени болгон Богемия тоосунун түндүгүндөгү Георгиенталь кыштагында төрөлгөн. Ал 1895-жылы дүйнөгө атагы тараган "Swarovski" хрусталь империясын негиздеген.