1924-жылы 21-январда Владимир Ильич Ленин дүйнөдөн кайткан. Анын элесин болочоктогу муундарга сактап калуу үчүн тез арада атайын курулма - Мавзолей тургузулган. Долбоорду көрүнүктүү орус архитектору А.В.Щусев бир түндүн ичинде түзүп чыккан. Аны жыгачтан төрт күндө тургузушуп, 27-январда саат 16да Совет мамлекетинин негиздөөчүсүнүн сөөгү салынган табыт Мавзолейте коюлган.