30- Январь 2000 -жылы
Румын-австралиялык "Аурул" компаниясынын заводунан Дунай дарыясына иштетилген металлдардын калдыгы жана цианид агып кеткен
Румын-австралиялык "Аурул" компаниясынын заводунан Дунай дарыясына 100 миң метр кубдан ашуун иштетилген металлдардын калдыгы жана цианид агып кеткен. 2 миллиондой киши ичүүчү суусуз калып, өтө көп сандагы жапайы жаныбарлар, канаттуулар кырылган. Дарыядан 100 тоннадан ашуун өлгөн балыктар чыгарылып, бул катастрофаны "экинчи Чернобль" деп аташкан.