31- Январь 1997 -жылы
Орус киллери Александр Солоник Грецияда өлтүрүлгөн
Кылмыш дүйнөсүнүн легендасы, "Кургандык терминатор" каймана аттуу орус киллери Александр Солоник Грецияда өлтүрүлгөн.
1983-жылы СССРдеги КГБ атайын “В” жашыруун башкармасын түзгөн. Бул башкармалыктын негизги максаты атайын даярдыктагы кызматкерлерди даярдоо жана аларды баңгизат мафиясынын өкүлдөрүн жоготуу үчүн пайдалануу болгон. СССР тарагандан кийин алар өз алдынча болуп кетишкен. КМШнын алкагында атактуу болгон Александр Солоник так ошол кызматкерлердин катарынан чыккан.