Стадиондо 500гө чукул атайын багыттагы жоокерлер болгону менен, 3-4 миңдей адамдын мушташын токтотууга активдүү аракеттерди жасашкан эмес. Ал эми медицина кызматкерлери жабыркагандарга окуянын жеринен жардам көрсөтүп жатышкан. Бул боюнча бир жылдан кийин сот болуп, 73 айыпталуучунун ичинен 21 адам өлүм жазасына тартылган. Сот чыгарган чечим айыпталуучулардын туугандарын кыжырдантып түрмөгө чабуул жасоого түрткү болгон. Мында 2 полиция кызматкери набыт болгон. Бийлик шаарга аскерлерди чыгарып, баш аламанда 30 адам көз жумган. 2015-жылдын июнь айында сот жогорудагы ишти кайрадан карап чыгып, 11 адамды өлүм жазасына тарткан. Дагы 15 адам 5 жылдан 15 жылга кесилсе, 21 адам акталган.