28- Январь 2012 -жылы Кыргыз Республикасынын убактылуу кармоочу жайлары менен түрмөлөрүндө отургандар ачкачылык акциясын токтотушкан
Кыргыздын убактылуу кармоочу жайлары менен түрмөлөрүндө отурган 6500 адам ачкачылык акциясын токтотушкан. 
Өлкөнүн төрт абагынан башка абактардын баарында ачкачылык акциясы жүргөн. Айрымдары оозун тигип, дагы бирлери колдорун кескилешкен. 
№1-тергөө изоляторундагылар 2012-жылы 16-январда болуп өткөн тополоңдо каза тапкан Нурбек Алымбаевди ким өлтүргөнүн таап жазалоону жана ошол окуяны туура иликтөөнү, так маалыматты элге таратууну талап кылышкан. 
Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул кримчөйрө менен мамлекеттин күрөшү экенин айткан. Ошол эле учурда абактагылар кримчөйрөнүн башчылары отурган камераларды ачык калтыруу талабын коюшканын №1-тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков билдирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан