29- Январь 1843 -жылы АКШнын 25-президенти Уильям Мак-Кинли туулган
Уильям Мак-Кинли АКШнын Огайо штатына караштуу Найлес калаасында колунда бар үй-бүлөдө туулган. Бирок бай бүлөдө туулса да жупуну жашап өскөн. 18 жашында Жарандык согушка өз ыктыяры менен катышып, майор наамына жетип, согуштан кайткан.
Уильям Мак-Кинли 1871-жылы банкирдин кызы Ида Сэкстонго үйлөнгөн.
Уильям Мак-Кинли 1877-жылы Конгресске шайланган. Андан кийин Огайо штатына губернатор (1891-95) болуп иштеген. Республикачыл партия 1896-жылы өткөн шайлоодо аны президенттикке талапкер кылып көргөзүп, Мак-Кинлинин аты маарага жеңиш менен келген.
Ошол жылдары Испания ээлик кылган колонияларда элдердин эркиндикке чыгуу көтөрүлүшү пайда болгон. Аны Испания ырайымсыздык менен басып, Америка арага түшө баштаган. Анын акыры келип эки мамлекеттин ортосундагы согушту пайда кылган.
Бир жылга чукул жүргөн кармашта Кошмо Штаттардын деңиз флоту Испаниянын атлантикалык флотун бүтүндөй талкалап, жеңишке жетишкен. Испания ага дейре ээ болуп келген колонияларынан чегинүүгө аргасыз болгон. Парижде тынчтык келишими түзүлүп, Америкага ошондон тарта Пуэрто-Рико, Гуам, Филиппин аралдары өткөн. Кызык жери, Мадрид келишимге кол коер алдында Филиппин үчүн 20 миллион доллар ооз басырык сураган. Аны өндүрүп алгандан кийин аталган аралдарды Америкага өткөрүп берген.
25-президент Мак-Кинли бийликте турган жылдары АКШ империалисттик саясатты кабыл алган. Ошол себептүү 1898-жылкы испан-америка согушу дүйнөлүк тарыхта империалисттик согуш деп аталган.
Жаңы жерлердеги мүмкүнчүлүктү пайдаланып, АКШ кеңиричиликке жетишкен. Пуэрто-Рико эки океан чукул келген кысыкта жаткандыктан, ал жер аркылуу Панама каналын казуу башталган. Ал канал Тынч океан менен Атлантика океанын бириктирүүчү абдан чукул жол болчу. Ал ачылганда Американын кемелери эки океан үстүндө коопсуз сүзүп жүрүүгө мүмкүндүк алганы жаткан. Дагы бир олжо - Филиппин эле. Ал мамлекет аркылуу Кытайдын бай соода рыногуна аралашуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон.
Ошондуктан тарыхчылар "Уильям Мак-Кинли келген жылдар - Американын тарыхындагы бурулуш жылдар болду. Испаниянын колонияларынын кыйласын каратып алуу Американы жаңы ири державага айлантты" деп жазышкан.
Ал жылдары бейпилдик кез келген. Андай кез Мак-Кинлиден мурунку президенттердин арасынан Монронун, кийинки президенттердин арасынан Эйзенхауэрдин тушунда болгон. Өлкө мүңкүрөөнүн соңуна чыккан. Экономика кризистен арылып, жумушсуз калган миллиондогон кишилер кайрадан иш табышкан. Фермерлердин чарбасы өнүгүп, биржа рыногу күчүнө кирген.
Мындай ийгилик республикачылар партиясынын атын чыгарган. Ошол себептен Мак-Кинли өзүнүн ысмын экинчи жолу президенттикке талапкер кылып каттаткан. Ал жолу да Уильям Мак-Кинлинин аты маарага жеңиш менен келген. Мак-Кинли ал жолу өзүнө вице-президент кылып Нью-Йорк калаасынын губернатору Теодор Рузвельтти дайындаган.
Жарым жыл өткөндөн кийин, 6-сентябрь (1901) күнү, Буффалодо өтө турган көргөзмөгө келген президентке кол салуу болгон. Кылмышкер тапанча менен эки жолу атып, Мак-Кинлини оор жарадар кылган. Аткан киши анархист Леон Чолгош болуп чыккан.
Врачтар президенттин өмүрү үчүн жети күнү күрөшүп, бирок аны ажалдан куткарып кала алышкан эмес. 1901-жылдын 14-сентябрында таңга маал АКШнын 25-президенти Уильям Мак-Кинли дүйнөдөн кайткан.
Ошол эле түнү Теодор Рузвельт расмий чөйрө алдында ант берип АКШнын 26-президенти болуп бийликке келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан