18- Февраль 2013 -жылы Деңиз жаныбарларын коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү
 Кит жана дельфиндерди, дегеле деңиз жаныбарларын коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул майрамды Эл аралык кит улоочу комиссиясы киргизген. 1986-жылы 19-февралда коммерциялык азык катары киттерди улоого тыюу салынган.
Тыюу салынган соң Япония санкциялардын коркунучу менен келишимге кирүүгө мажбур болгон, бирок "илимий изилдөө үчүн улоо" деп күнүнө үчтөн кит улоого мүмкүнчүлүк алган. Бул изилдөөлөрдөн кийин киттин эти ресторандарга түшкөн. 2007-жылы Япония кит улоону кайта баштоо сунушун киргизген.
2010-жылы 19-февралда Австралиянын премьер-министри Кевин Радд Япониядан кит улоону токтотууну талап кылып, Гаагадагы Эл аралык сотко берерин айткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан