1- Февраль 1857 -жылы
орусиялык невропатолог, психиатр жана физиолог Владимир Бехтерев туулган
Орусиянын невропатолог, психиатр жана физиологу Владимир Бехтерев Вятск губерниясындагы Елабуга уездине караштуу Сорали кыштагында туулган. 1878-жылы Петербургдагы Медициналык хирургиялык академияны бүтүрүп, 1885-жылы Казань университетиндеги психиатрия кафедрасын башкарып, биринчи жолу психофизиологиялык лаборатория түзгөн. 1893-жылы "Неврологический вестник" журналын жана Казандагы психиатрлар менен невропатологдор коомун уюштурган. Владимир Бехтерев 1893-жылы Петербургдагы Аскер-медициналык академиясынын профессору болуп, 1897-жылы Аялдар медициналык институтунун директору болгон. Ал эми 1918-жылы өзү уюштурган Мээ жана анын психикалык кызматын үйрөнүү институтун башкарган. Бехтеревдин мээнин морфологиясы жөнүндөгү эмгеги илимге зор салым кошкон. Окумуштуунун балдардын жүрүш-турушу, аларды жыныстык жактан тарбиялоо жөнүндө 20дан ашуун эмгеги бар.