3- Февраль 1951 -жылы немис автоконструктору Август Хорьх каза тапкан
Немис автоконструктору Август Хорьх Мюнхбергде каза тапкан.
Август Хорьх 1909-жылы негизделген “Ауди” компаниясынын ээси. Хорьх 1868-жылы 12-октябрда Германияда төрөлгөн. Кичинесинен эле тетиктерди ар кандай оюнчуктан өйдө көргөн ал көптөгөн конструктордук бюролордо иштөөгө жетишкен. Кызыгы, эч бир иште көпкө кармалчу эмес. Анткени башкалар менен пикир келишпестик мүнөзү бар эле. Бирок анын автомобиль куруу талантын эч ким тана алган эмес. Ошол мүнөзүнөн улам ал 1904-жылы негизделген бюросундагы акционерлер менен пикири келишпей, өзү түптөгөн “Хорьх" компаниясынан айрылып, кайрадан жаңы компания ачууга аргасыз болгон.
1909-жылы унаа куруучу жаңы компания ачып, немисче "хорьх" (немис тилинен кыргызчага которгондо “ук” дегенди билдирет) деген сөздүн латын тилиндеги котормосун алат да, компаниясын “Ауди” деп атайт. Арадан бир жыл өтүп, “Ауди” компаниясы кубаттуулугу 22 ат күчүнө барабар алгачкы Ауди А үлгүсүндөгү унаасын чыгарат. Кийинки жылы Ауди В жана Ауди С үлгүсүндөгү автоунаалары иштелип чыккан. Алар өз заманында өтө ийгиликтүү болгон. 35 ат күчү бар, саатына 100 чакырым ылдамдыкты багынтуучу Ауди С үлгүсү ошол мезгилдин эң маанилүү Ауто Альпенфарт автожарышында жеңүүчү болгон. Бул жеңиши үчүн "Альпензигер", башкача айтканда, "Альпты багындыруучу" деген атка конгон. Бул ийгилик менен токтолбостон, компания жаңы максаттарга жетишүү үчүн 1923-жылы саатына 120 чакырымды багындыруучу Ауди М 1870 люкс классындагы үлгүлөрдү чыгара баштаган.
“Ауди” компаниясы 1934-жылы Германиядагы мотоцикл жана унаа чыгаруучу “ДКВ”, “Вандерер” жана “Хорьх” үч ири фирмалар менен биригип, “Ауто юнион” деген аталышты алган. Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин “Ауто юнион” компаниясы банкротко учурап, өлкөдөгү акциянын эң көп бөлүгүн ээлеген “Мерседес Бенц” фирмасы “Ауто юнион” компаниясын 1964-жылы “Фольксвагенге” сатып жиберет. 1965-жылдан тартып “Ауто юнион” өз күчүнө кирип, “Даймлер-Бенц” көзөмөлү менен 1967-жылы “Ауди” компаниясы деп атала баштаган. 1968-жылдан тартып “ДКВ”, “Вандарер”, ”Хорьх” жана “Ауди” 4 компанияны чагылдырып, бири-бирине кийишкен 4 даана тегерекчени эмблема катары чыгарышкан. Ошентип, эмблемасындагы 4 шакекче анын тарыхын чагылдырып, 4 компаниянын биригишин билдирет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан