30- Январь 1930 -жылы
америкалык актёр жана жазуучу Жин Хэкмен туулган
"Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарынын бир нече жолку ээси, америкалык актёр жана жазуучу Жин Хэкмен АКШнын Сан-Бернардино шаарында туулган.
Жин Хэкмен XX кылымдагы америкалык эң атактуу жана ийгиликтүү актёрлордун катарына кирген. Анын актёрлук карьерасы 40 жылга созулган. Актёрго көбүнчө мыйзам өкүлдөрүнүн жана аскерлердин ролдору туура келген жана аларды эң мыкты деңгээлде аткарган.